“Элдик Банк” ААК Башкармасынын биринчи орун басары Министрликтин медалы менен сыйланды
Бүгүн, 4-июнда, Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович «Кызматташтык үчүн» медалын “Элдик Банк” ААК Башкармасынын биринчи орун басары Турдалиев Акылбек Беримкуловичке ыйгарды.
Бул сыйлык жаратылышты коргоо жаатында министрлик менен активдүү кызматташтык үчүн жана экологиялык демилгелерге кошкон салымы үчүн берилди. Эскерте кетсек, Акылбек Беримкулович атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү болуп саналат.
«Элдик Банк» өзүнүн ESG-стратегиясынын алкагында (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана жашыл инфраструктураны колдоо багытындагы иш-чараларды үзгүлтүксүз жүзөгө ашырып келет. Бул сыйлык — банктын жана анын жетекчилигинин Кыргызстандагы экологиялык келечекке кошкон салымын таануу болуп саналат.