Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Кыргыз Республикасынын Президенти Элдик Банкты Кыргызстандын аманат ишинин маданиятын улантуучу катары тааныды

31 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Президенти Элдик Банкты Кыргызстандын аманат ишинин маданиятын улантуучу катары тааныды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 30-октябрындагы №302 Жарлыгына ылайык, Элдик банк ААК Кыргызстандын 1925-жылдан тартып башталган аманат ишинин маданиятын улантуучу катары расмий түрдө таанылды.

Бул документ Элдик Банктын өлкөбүздө 100 жылды камтыган мезгил аралыгында аманат ишинин тарыхында калыптанган үнөмдөө жана ишеним салттарын сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү өзгөчө ордун белгилейт. Чечимдин башкы максаты - Кыргызстандын жарандарынын арасында тарыхый мурасты сактоо жана каржы жоопкерчилиги маданиятын чыңдоо.

 

Тарыхый мурас

Кыргызстандагы биринчи советтик сактык кассалары 1925-жылы Ош шаарында жана Жаңы-Жол районунда уюштурулган. Алар өлкөбүздө аманат ишинин жүз жылдык бай тарыхынын башаты болгон: бул жерде акчаны сактоо гана эмес, акча которуу, насыя сертификаттарын чыгаруу, пайыздык жана баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү келишүүгө да мүмкүн болгон.

Бишкекте (ошол кездеги Фрунзе) алгачкы сактык кассаларынын бири Совет жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Имарат ушул учурга чейин сакталган жана анын кире беришиндеге жазуу акча салуу мүмкүнчүлүгүн туюнтуп турат.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда сактык кассалары Советтик Армияны колдоого жигердүү катышып, фронтту колдоо үчүн элдик лотереяларды өткөрүшкөн.

Согуштан кийинки жылдары алар жарандардын мамлекетке болгон ишенимин бекемдей баштаган. Адамдар акча топтоп гана тим болбостон, ошол кездеги кеңири белгилүү болгон "утуш аманаттары оюндарына" да катышкан.

1963-жылы сактык кассалары СССРдин Мамлекеттик банкынын карамагына өзүнчө мекеме катары өткөрүлүп берилген. Алар Кыргызстандын жарандарынын жашоо-турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Бул жерде акча сактоого боло тургандыгы боюнча аларга шартсыз ишенишкен. Анткени,  бул мезгилде сактык кассалары кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүн сунуштап калышкан.

1987-жылы олуттуу түрдө кайра түзүү болгон: республикадагы сактык кассалары СССРдин Сактык банкынын Кыргыз Республикалык банкы болуп калган. Ал жөн гана кассалардын топтому эмес, өлкөбүздүн ар бир тургунуна тааныш күчтүү финансылык мекеме болгон.

Кайра түзүлүү этаптары

1987-жылы  – СССРдин Сактык банкынын Кыргыз Республикалык банкына кайра түзүлүшү;

1991-жылы – Коммерциялык "Кыргызэлбанкына" кайра түзүлүшү;

1996-жылы – "Кыргызэлбанктын" жоюлушу;

1996-жылы – "Эсептешүү-Сактык компаниясы" АТАК түзүлүшү;

1997-жылы – "Эсептешүү-Сактык компаниясы" АТАК жарандардын  "Кыргызэлбанкына" салган  акча аманаттарын калыбына келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агенти катары таанылган;

- 2008-жылы – "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсы "РСК Банк" ААКсы, деп өзгөртүлүп аталган;

- 2024-жылы – "РСК Банк" ААКсы "Элдик Банк" ААКсына өзгөртүлүп аталган.

Элдик Банк, муундан муунга өтүп жаткан тажрыйбаны жана келечекке үмүтүү жетелеген баа жеткис ишеним мурасын кылдаттык менен сактоо аркылуу, Кыргызстанда аманат ишинин кылым камтыган салтын нарктуулук менен улантууда.

«Элдик Банкты аманат ишинин маданиятын улантуучу катары таануу – бул  чоң сыймык гана эмес, өлкөбүздүн жана элибиздин алдындагы эбегейсиз жоопкерчилик. Биз ишеним жана үнөмдүүлүк сапатынын кылымдар боюу уланып келе жаткан тарыхынын мураскерлерибиз жана биз үчүн бул мурасты сактап калуу гана эмес, аны инновация, туруктуу өнүгүү жана кардарларыбызды колдоо аркылуу өркүндөтүү зор мааниге ээ. Президентибиздин Жарлыгына ылайык, Элдик Банк Кыргызстандагы аманат ишинин маданиятынын 100 жылдыгына арналган, атап айтканда,  каржы сабатын жогорулатуу, аманат ишинин маданиятын өнүктүрүү жана улуттук банк тутумуна ишенимди бекемдөө демилгелери менен ири алкактагы иш-чаралардын программасын жүзөгө ашырууда», - деп баса белгиледи Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.