25 декабря 2025
Майрам күндөрү “Элдик Банк” ААКсынын иштөө убактысы
Урматтуу кардарлар!
Сиздерди Жаңы жыл алдында жана майрам күндөрү «Элдик Банктын» иштөө тартиби тууралуу маалымдайбыз.
- 2025-жылдын 31-декабрында – бардык бөлүмдөр үчүн саат 12:00гө чейин кыскартылган иш күнү.
- Кардарларды тейлөө борборлору иштебейт.
- 8–10-январь 2026-жылдын 8–10-январь күндөрү ишемби күнкү тартип боюнча иштеген сактык кассалары ачык болот. Бул мезгилде төлөмдөрдү жүргүзүүгө, акча которууларды жөнөтүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк болот.
- 2026-жылдын 5-январынан тартып – МБК (ГТС), КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ГУОБДД) алдындагы көчмө кассалар иштей баштайт.
- 2026-жылдын 8-январынан тартып – Кардарларды тейлөө борборлору иштей баштайт.
- 2026-жылдын 12-январынан тартып – Банктын бардык бөлүмдөрү кадимки тартипте ишин улантат.
Түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз жана сиздерге Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Маалыматты тактоо үчүн 9111 телефону аркылуу Банктын Байланыш борборуна кайрылсаңыздар болот, же WhatsApp (0706) 911 111 номерине, Байланыш борборуна жазыңыз.