08 октября 2025
Ноокен филиалынын №033-34-32 сактык кассасынын иштөө режими
Урматтуу кардарлар!
Техникалык оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Кочкор-Ата шаарындагы Гагарин көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан Ноокен филиалынын №033-34-32 сберкассасынын иши убактылуу токтотулат.
Кардарларды тейлөө 2025-жылдын 8-октябрынан 11-октябрына чейин Масы айылындагы Токтогул көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан Ноокен филиалынын имаратында жүргүзүлөт.
Келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүз үчүн рахмат.