11 мая 2026
Кыргызстан банктар союзу «Элдик Банк» ААК кызматкерлерин сыйлады

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан «Элдик Банк» ААКнын мыкты кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Банк тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 27 кызматкер татыктуу сыйлыктарга ээ болду.
«Кыргызстандын Банктар союзунун отличниги» төш белгиси менен Ички аудит департаментинин начальниги Косоев Майрамбек Кусейинович сыйланды.
Кыргызстандын Банктар союзунун Ардак грамоталары менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:
- Мызабаева Гулнара Дуйшегуловна — Сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси;
- Каримова Замира Абдуллаевна — Ак-Талаа филиалынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башкы бухгалтери;
- Тиллаева Жылдызай Газыбековна — «Ырыскы» филиалынын аманат кассасынын башчысы.
Ыраазычылык каттары менен төмөнкү кызматкерлер белгиленди:
- Чумак Екатерина Сергеевна — Бизнес-процесстерди талдоо башкармалыгынын аналитиги;
- Самаганова Асылай Бакытбековна — Комплаенс-көзөмөл департаментинин төлөмдөрдү комплаенс коштоо бөлүмүнүн менеджери;
- Сулайманкулова Эльвира Абдасовна — Административдик-чарбалык башкармалыктын кампа башчысы;
- Абдыкадырова Алтынай Абдыкадыровна — Кредиттик департаменттин талдоо жана пландоо бөлүмүнүн башкы менеджери;
- Тилеков Талгат Тилекович — Балыкчы филиалынын операциялык бөлүмүнүн кардарларды тейлөө боюнча жетектөөчү адиси;
- Абдыкеева Айгерим Карыбековна — Нарын филиалынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү бухгалтери;
- Шайлообеков Чынгыз Талантович — Түп филиалынын директору;
- Нарматов Талгат Абдисаламович — Кызыл-Кыя филиалынын операциялык бөлүмүнүн начальниги;
- Асангазиева Сюзанна Улановна — Ысык-Көл филиалынын операциялык бөлүмүнүн начальниги;
- Султанбек кызы Шайыргул — Ош-Борбор филиалынын жетектөөчү кредиттик администратору;
- Анарбеков Акай Канатбекович — Айтматов филиалынын кредиттөө боюнча жетектөөчү адиси;
- Ибраимов Мыктыбек Ибраимович — Кара-Кулжа филиалынын кредиттөө боюнча адиси;
- Кулеков Аскат Акматбекович — Өзгөн филиалынын жетектөөчү кредиттик администратору;
- Азизбекова Рахат Азизбековна — Ноокат филиалынын операциялык бөлүмүнүн кардарларды тейлөө боюнча жетектөөчү адиси;
- Каипов Эскендер Кочкорович — Ош филиалынын инкассация боюнча башкы адиси;
- Чодурова Батма Касымбековна — Кара-Суу филиалынын кредиттөө бөлүмүнүн начальниги;
- Ажыгулова Эльмира Рысбековна — Жайыл филиалынын кредиттөө боюнча башкы адиси;
- Рысалиева Дильбара Аппаковна — Чүй филиалынын кассалык операциялар бөлүмүнүн улук кассири;
- Такиева Элнура Айдаровна — Кемин филиалынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү бухгалтери;
- Макешев Азамат Асылбекович — Кант филиалынын кредиттөө бөлүмүнүн начальниги;
- Нурматова Гулзана Шакарбековна — «Мурас» филиалынын аманат кассасынын башчысы;
- Апсаматова Нургул Азимжановна — Ноокен филиалынын кассалык операциялар бөлүмүнүн кассири;
- Омушов Тилекбек Анарбекович — Ала-Бука филиалынын аманат кассасынын башчысы.
Кесиптештерибизди куттуктайбыз жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!













