Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«БУУ-аялдар» тарабынан Элдик Банктын кызматкерлерине өткөрүлгөн тренинг

03 сентября 2025

«БУУ-аялдар» тарабынан Элдик Банктын кызматкерлерине өткөрүлгөн тренинг

Бүгүн «БУУ-аялдар» Структурасынын Кыргызстан Республикасындагы кеңсеси Элдик Банк менен биргеликте банк кызматкерлери үчүн кол коюлган меморандумдун алкагында Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн принциптери (WEPs) боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге банктын ар түрдүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, гендердик теңдик маселелерин ар кандай кесиптик көз караштан талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргыз Республикасындагы «БУУ-аялдар» Структурасынын өкүлү д-р Сайед Садик Элдик Банктын командасынын активдүү катышуусун жана WEPs принциптерине берилгендигин белгиледи:
«Гендердик теңдик — бул банк үчүн зарылчылык. Ал өнөктөштүктү чыңдайт, ишенимди жогорулатат жана бизнесдин өсүшүнө өбөлгө түзөт».

Элдик Банктын башкармалыгынын төрага орун басары Айчүрөк Жакыпова белгиледи:
«Биз бирге ар бир аялдын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы бааланган жумушчу чөйрөнү түзүп жатабыз».

WEPs деген эмне?


Бул — компаниялар менен уюмдарга гендерге багытталган саясаттарды ишке ашырууга, аялдар менен эркектер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого жана инклюзивдүү корпоративдик маданиятты калыптандырууга жардам берген 7 принцип.

Эмне үчүн бул маанилүү?


Бизнес гендердик теңдикти илгерилетүүдө негизги ролду ойнойт. WEPs принциптерин колдогон компаниялар туруктуу өнүгүүгө гана салым кошпостон, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн да жогорулатышат.