Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Кыргызстандагы сактык ишинин 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында биз көп жылдан бери биздин кардарларыбызды куттуктадык

30 декабря 2025

Кыргызстандагы сактык ишинин 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында биз көп жылдан бери биздин кардарларыбызды куттуктадык

Кыргызстандын сактык ишинин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында биз көп жылдан бери өз каражаттарын Элдик Банктын аманаттарында сактап келген кардарларыбызды куттуктадык.

Банктын атынан аларга белектерди тапшырып, көрсөтүп келген ишеними жана көп жылдык кызматташтыгы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирдик. Биз үчүн бул жөн гана көрсөткүчтөр эмес, ишенимге, жоопкерчиликке жана өз ара урмат-сыйга негизделген узак жолдун тарыхы.

Мындай жолугушуулар республиканын бардык аймактарында өтүп, кардарлардын банкка болгон ишеними жылдан жылга бекемделип келатканын дагы бир жолу далилдеди.

Биз кардарларыбыздын ишенимин жогору баалайбыз жана мындан ары да аны актоо үчүн туруктуулукту, ишенимдүүлүктү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга аракет кыла беребиз.