Сүлүктү шаарында Элдик Банктын филиалынын жаңы имараты ачылды
2025-жылдын 14-октябрында Сүлүктү шаарында Элдик Банктын заманбап жаңы филиалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Терагасынын орун басары Бакытбек Айталиев жана Баткен облусунун Сүлүктө шаарынын мэри Болот Абдыжапаров катышты.
Филиал көп жылдан бери бул аймакта иштеп келет жана шаардагы толук кандуу кызмат көрсөткөн жалгыз банк болуп саналат. Бул жерден кардарлар насыя алуу, депозит ачуу жана ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүү сыяктуу банктык кызматтардын кеңири спектрин пайдалана алышат.
Сүлүктү шаары, М. Амраев көчөсү 25/2 дарегинде жайгашкан жаңы имарат заманбап комфорт, технология жана коопсуздук талаптарына жооп берет. Айрыкча кардарларга ыңгайлуулук жана сапаттуу тейлөө шарттарына көңүл бурулган.
— Жаңы кеңсенин ачылышы — бул өсүү жана өнүгүү, өлкө аймактарында катышуубузду чыңдоо. Элдик Банк өз ишин ишенимдүү улантып, Кыргызстандагы бардык булуң-бурчтарда элге жакын бойдон калууда, — деп белгиледи «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Терагасынын орун басары Бакытбек Айталиев.