Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Маанилүү маалымат: RSK24 мобилдик тиркемесинин иши жөнүндө

06 февраля 2026

Маанилүү маалымат: RSK24 мобилдик тиркемесинин иши жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

Билдиребиз: 2026-жылдын 10-февралынан тартып RSK24 мобилдик тиркемесинин иши толугу менен токтотулат.

Банктын бардык негизги кызматтары азыр ELDIK мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү — бул Элдик Банктын кеңейтилген функционалга жана жогорулатылган коопсуздук деңгээлине ээ бирдиктүү санарип платформасы.

ELDIK тиркемеси аркылуу карталарыңызды жана эсептериңизди башкарууга, которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө, кредиттер жана депозиттер менен иштөөгө, ошондой эле башка банк кызматтарынан пайдаланууга болот.

Алыстан банк кызматтарын мындан ары да колдонуу үчүн ELDIK тиркемесин орнотуп, кадимки ыкма менен кирүү жетиштүү. Зарыл болгон учурда система тез санариптик идентификациядан өтүүнү сунуштайт. Туташуу бир нече мүнөттү гана алат.

Бизге көрсөткөн ишенимиңиз үчүн рахмат. Биз сиздер үчүн банк кызматтарын дагы да ыңгайлуу жана ишенимдүү кылуу максатында санарип чечимдерди өнүктүрүүнү улантабыз.