Маммүлктүн сыноо долбоорунда контрактарды банктык коштоону киргизүү
«Элдик Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (Маммүлк) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын сатып алуу процессине контрактарды банктык коштоо (КБК) механизмин киргизүүгө багытталган пилоттук долбооруна кошулду. 2024-жылы министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын сатып алууларын системалаштыруу чечимин кабыл алган.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Маммүлк ыйгарым укуктуу орган болуп калды. Мамлекеттик сатып алууларга КБК механизмин киргизүү тажрыйбасын изилдеп чыгып, ведомство бул механизмди мамлекеттик ишканалардын сатып алуу процесстеринде сынап көрүүнү чечти.
«Элдик Банк» ААК ыйгарым укуктуу банктардын бири болуп тандалды жана пилоттук долбоордун катышуучусу болду. Учурда банк КБКны сатып алуулар системасына ийгиликтүү киргизүүнү камсыз кылуу үчүн долбоордун башка катышуучулары менен активдүү өз ара аракеттенүүдө. Банк ошондой эле бардык кызыкдар мамлекеттик ишканаларга консультациялык кызматтарды көрсөтөт.
--------
9111
https://eldik.kg/