Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Талас районунун имамдары менен жолугушуу

25 июня 2025

Талас районунун имамдары менен жолугушуу

2025-жылдын 23–25-июнь күндөрү Элдик Банктын Исламдык терезеси Шариат кеңешинин төрагасы менен биргеликте Талас облусунун имамдары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында ислам каржылоосунун принциптери, өзгөчөлүктөрү жана шариат талаптарына ылайык каржылык этиканын мааниси талкууланды. Катышуучулар Исламдык терезенин продуктылары тууралуу кеңири маалымат алышып, кызыктырган суроолорун берип, мындан аркы кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Элдик Банк үчүн аймактарда исламдык каржы куралдарын өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз дин лидерлери менен ачык диалог ишенимдин калыптанышына жана Кыргызстанда исламдык банкингдин туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.