Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Жашыл кредиттер пайдалуу шарттарда

07 сентября 2026

Жашыл кредиттер пайдалуу шарттарда

Жашыл кредиттер пайдалуу шарттарда

Элдик Банк экологиялык долбоорлорду каржылоо үчүн атайын шарттарды сунуштайт. Акциянын алкагында коммерциялык максаттарга багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча пайыздык чен 16%дан 12%га чейин төмөндөтүлдү. Натыйжалуу пайыздык чен - 12,67%дан баштап.

Кредиттөө төмөнкү багыттар боюнча долбоорлор үчүн жеткиликтүү:

• кайра жаралуучу энергия булактары;

• энергияны натыйжалуу пайдалануу жана үнөмдөө;

• айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана калдыктарды кайра иштетүү;

• экологиялык таза транспорт жана кубаттоо инфраструктурасы;

• климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу;

• калдыксыз технологиялар жана өндүрүш;

• жаратылыш жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу;

• энергияны үнөмдөөчү жана «жашыл» имараттарды куруу.

Негизги шарттар:

• валютасы - кыргыз сому;

• кредиттин суммасы - 10 000 сомдон, кредиттик линия боюнча - 50 000 сомдон;

• пайыздык чен - жылдык 12%;

• натыйжалуу пайыздык чен - 12,67%дан баштап;

• мөөнөтү - 60 айга чейин; • ипотека - 84 айга чейин.

Экологиялык долбоорлорду Элдик Банк менен пайдалуу шарттарда каржылаңыз.