Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Ислам каржылоо

Исламдык терезе
«Элдик Банк» ААКнын Ислам терезеси төмөнкү багыттар боюнча пайдалуу шарттарда продукттарды сунуштайт:

Иджара МБ – Бизнес – Иджара мунтахийя биттамлик (Иджара МБ) келишими боюнча мүлктү кийин сатып алуу шарты менен ижарага берүү.
Мурабаха Авто – жаңы жана колдонулган транспорт каражаттарын, сатып алынган транспорт каражаттарын жана/же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен сатып алуу.
Мурабаха Авто - Азия Моторс – Кыргыз Республикасындагы Hyundai, JAC, Lada маркаларынын расмий дистрибьюторунан жаңы транспорт каражаттарын сатып алууну каржылоо.
Мурабаха Бизнес – айланма каражаттарды толуктоого, жабдууларды, техниканы, коммерциялык кыймылсыз мүлктү жана башка сатып алууну каржылоо.
Мурабаха Ипотека – турак жай кыймылсыз мүлкүн (батир, турак үй, турак үй куруу үчүн жер тилкесин) сатып алуу ну каржылоо.
Мурабаха Ишкер Айым – аялдар үчүн: жеке ишкерлерге жана негизги үлүшү (50%дан жогору) аялдарга таандык юридикалык жактарды каржылоо.
Мурабаха Коммерциялык ипотека – турак жана коммерциялык кыймылсыз мүлктү, бизнес жүргүзүү/куруу үчүн жер тилкелерин сатып алууну каржылоо.
Мурабаха Коммерциялык транспорт – жаңы жана колдонулган атайын техникаларды (айыл чарба, жол куруу, тоо-кен жана башка), сатып алынган техниканы жана/же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен сатып алууну каржылоо.
Мурабаха Керектөөчүлүк – оңдоо жана курулуш үчүн курулуш материалдарын, эмеректерди, тиричилик техникасын жана башка сатып алууларды каржылоо.
Мурабаха Айыл чарба – өсүмдүк өстүрүү, бак өстүрүү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, айыл чарба техникасы сатып алууну каржылоо.
Мурабаха Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкерлигин жеңилдетилген каржылоо – бизнестин каржылоого жетүүсүн камсыз кылуу, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана аймактарды өнүктүрүү максатында жеңилдетилген шарттарда каржылоо
Мурабаха Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү – асыл тукум ири мүйүздүү малды жеткирүү, көбөйтүү жана продуктивдүүлүгүн жогорулатуу үчүн каржылоо.
Мурабаха Үрөнчүлүк жана питомник чарбасын өнүктүрүү – жогорку сапаттагы үрөндөрдү жана көчөттөрдү сатып алуу үчүн каржылоо.
Мурабаха Тулпар Моторс – 3 – ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларга жана жүк ташуучу транспортко суроо-талапты жогорулатуу үчүн мамлекеттик колдоо.
Мурабаха ФАПК (агроөнөр жай комплексин каржылоо) – азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агрардык секторду колдоо максатында ислам принциптерине ылайык жеңилдетилген шарттарда каржылоо.
Мурабаха ФСХ ИБР – туруктуу сугат дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн айыл чарба ресурстарын жана жабдууларын сатып алууну каржылоо.
Мурабаха ФОТП – бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ири өндүрүштү стимулдаштырууну каржылоо.
Мурабаха Айыл чарбасын каржылоо 14 – айыл чарба тармагындагы материалдык активдерди сатып алууну каржылоо.

 

Ислам терезесинин алкагында жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ​​үчүн «Ижара МБ - Бизнес» жаңы продуктун сунуштайт.

Каржылоонун максаты:

Ижара мунтахия биттамлик (Ижара МБ) келишими боюнча андан ары сатып алуу менен мүлк ижарасы, анын ичинде:

- Айыл чарба техникасынын бардык түрлөрү жана асылма /чиркегич жабдуулары;

- Атайын техникалар,

- Өнөр жай/технологиялык/өндүрүштүк жана башка жабдуулар;

- Бизнес үчүн имараттар, курулмалар жана башка мүлктөр.

 

Каржылоо шарттары:

  • Алгачкы төлөм: мүлктүн наркынын 10% баштап (биринчи төлөм катары колдонулат)
  • Каржылоо суммасы: 50 000 сомдон баштап
  • Мөөнөтү: 72 айга чейин
  • Сый акы:

- айына 1,25%дан сом менен*

- айына 0,75%дан АКШ долларында*

* (Ижара МБ келишими боюнча ижара акысы катары эсептелет жана мүлктүн мөөнөтүнө жана наркына жараша болот).

 

Күрөө менен камсыздоо:

- Мүлктүн наркынын 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдө -  алынуучу мүлк төлөп кутулуу кепилдиги болуп саналат.

- 30%дан аз баштапкы төлөмдө  - кошумча күрөө (кыймылсыз мүлк) талап этилет.

- Атайын жабдуулар үчүн -  күрөөлүк камсыздоо катары  ал жайгашып  турган жери менен имарат берилиши зарыл.

«Ижара МБ Бизнес»  - бул ислам каржылоо принциптерине ылайык, бизнеске керектүү мүлктү ыңгайлуу шарттарда андан ары сатып алуу  менен ижарага алуу мүмкүнчүлүгү!