Мурабаха — Үрөнчүлүктү жана көчөтчүлүктү өнүктүрүү
<p>Жогорку түшүмдүү үрөндөрдү жана отургузуу материалдарын сатып алуу үчүн үрөнчүлүк жана көчөтчүлүк чарбаларын каржылоо.</p>
Ислам терезеси
| Максаттуу топ | Тиешелүү статусу бар үрөнчүлүк жана көчөтчүлүк чарбалары. |
| Каржылоонун максаты | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку репродукциядагы үрөндөрүн жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн отургузуу материалдарын сатып алуу. |
| Каржылоо валютасы | Кыргыз сому. |
| Каржылоонун таза суммасы | 300 000 сомго чейин — күрөөсүз; 300 001 сомдон 10 000 000 сомго чейин — күрөө менен. |
| Үстөк баа | 4,69% (аннуитет, 36 ай, жеңилдетилген мөөнөтсүз). |
| Каржылоо мөөнөтү | 36 ай. |
| Жеңилдетилген мөөнөт | 12 айга чейин (кошо алганда). |
| Төлөө графиги | Аннуитет, ийкемдүү график. Үстөк бааны төлөө ай сайын жүргүзүлөт. |
| Күрөөлүк камсыздоо | 300 000 сомго чейин — камсыздоосуз; 300 001 сомдон 10 000 000 сомго чейин — кыймылсыз мүлк, «Элдик Банк» ААКтагы акча каражаттары. |
| Шарият ченемдерине шайкештиги | Шарияттын ченемдерине жана принциптерине карама-каршы келген ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн: алкоголдук, тамеки, аскердик продукцияларды, чочконун этинен жасалган товарларды өндүрүү жана сатуу, ошондой эле оюн-зоок бизнесин, кумар оюндарын ж.б. каржылоого тыюу салынат. |
Требования и документы
Мониторинг и ограничения
Катышуучуларга карата талаптар:
-
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 токтомуна ылайык үрөнчүлүк же көчөтчүлүк чарба статусунун болушу.
-
Экспорттоочу өлкөнүн берүүчү компаниясы менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү.
-
Үрөндөрдүн келип чыгышы тууралуу сертификаттын көчүрмөсү.
-
Фитосанитардык сертификаттын көчүрмөсү.
Каржылоо алуу үчүн документтер:
-
Каржылоого табыштама.
-
Кардардын жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү.
-
Күрөөлүк камсыздоо боюнча нотариалдык жактан тастыкталган документтер.
-
Салыктык каттоо жана карызы жок экендиги тууралуу маалымкат.
-
Үрөнчүлүк/көчөтчүлүк чарба статусун тастыктаган документ.
