Акция! УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына!

Mastercard карталарынын ээлери үчүн «Сенин УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына билетиң» акциясы уланууда. Катышуучулар Европадагы эң ири футбол окуяларынын бири болгон УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына Будапешт шаарына эки кишилик сапар утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Акцияга катышуу үчүн 2026-жылдын 20-февралынан 13-апрелине чейин Элдик Банктын Mastercard картасы менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл. Жеңүүчү транзакциялар үчүн эсептелген эң көп упай топтогон катышуучу болуп аныкталат.
Упай эсептөө механикасы
500 сомдон жогору операциялар үчүн упайлар берилет:
- Mastercard картасы менен POS-терминалдарда төлөм – 1 упай;
- интернет аркылуу сатып алуулар – 2 упай;
- MoneySend которуулары – 3 упай.
QR-код аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр акцияга катышпайт.
Башкы байге
- Акциянын жеңүүчүсү УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына Будапешт шаарына эки адамга жолдомо алат.
Жолдомо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эки тарапка авиакаттам;
- мейманканада эки орундуу жайгашуу;
- 1-категориядагы 2 билет;
- Mastercard жана УЕФАдан куттуктоо(саламдашуу) белеги;
- аэропорт – мейманкана – аэропорт жана мейманкана – стадион – мейманкана трансферлери.
Ошондой эле акциянын алкагында кызыктыруучу белектер – Mastercard жана УЕФАнын фирмалык продукциялары каралган.
Акция Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана толук идентификациядан өткөн Элдик Банктын кардарлары үчүн жеткиликтүү.
Акциянын шарттары тууралуу толук маалымат бул жакта.








