01 июня 2026
Жеңилдетилген айыл чарба насыяларын алуу боюнча маанилүү маалымат

2026-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан демилгеленген жеңилдетилген агрокредиттерди алуу үчүн арыздарды каттоо iDyikan санариптик платформасы аркылуу жүргүзүлөт.
Жаңы система фермерлерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
- онлайн катталуу
- каржылоо алуу үчүн арыз берүү
- кезекке алыстан туруу
- арыздардын статусун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө
Бул чечим жеңилдетилген каржылоону алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана арыз ээлери үчүн ыңгайлуулукту камсыздоого багытталган.
Платформа менен иштөө боюнча нускама менен бул жерден тааныша аласыз






