Топтомо ипотека: Жаңыртылган шарттар

Топтомо ипотека — үй алуунун жөнөкөй жана түшүнүктүү жолу 🏡
Бул программа менен сиз этап-этабы менен баштапкы төлөмдү топтоп, андан кийин жеңилдетилген шартта ипотека ала аласыз.
🔹 Кантип иштейт?
1️⃣ Алгач турак жайдын 30% суммасын Элдик Банктагы топтомо эсепке топтойсуз (минимум 6 ай)
Эгер сумма даяр болсо — мөөнөт 3 айга чейин кыскартылат
2️⃣ Элдик Банк кошумча 20% насыя берет
— жылдык 10% менен, 5 жылга чейин
3️⃣ Жыйынтыгында 50% баштапкы төлөм түзүлөт
Андан кийин калган сумма «Мамлекеттик ипотекалык компания» аркылуу:
— жылдык 8%
— 15 жылга чейин
🔹 Программанын артыкчылыктары:
✔ Мамлекеттик колдоо
✔ Курулуш баскычында эле үй сатып алуу
✔ Күрөөсүз топтоо механизми
✔ Ачык жана түшүнүктүү шарттар
🔹 Шарттар:
— Баштапкы төлөм: 50%
— Пайыздык чен: 8%
— Мөөнөт: 15 жылга чейин
— «Менин үйүм» мамлекеттик программасы
📲 Кантип катышса болот?
Арызды «ТҮНДҮК» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн тапшырыңыз.
Атайын топтомо эсепти Eldik тиркемесинде ача аласыз.





