21 мая 2026
«Менин үйүм» программасынын шарттарына өзгөртүүлөр

Урматтуу кардарлар!
«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңыртуулар программаны жеткиликтүүрөөк кылууга жана турак жай сатып алууну пландаган жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Негизги өзгөртүүлөр баштапкы төлөм үчүн жетиштүү каражаты бар катышуучулар үчүн топтоо мөөнөтүн кыскартууга байланыштуу. Эми турак жайдын наркынын 30% өлчөмүндө каражаты бар кардарлар үчүн топтоо мөөнөтү 6 айдан 3 айга чейин кыскартылды.
Программанын жаңыртылган шарттарына ылайык, төмөнкү топтоо мөөнөттөрү белгиленди:
- катышуучу тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде топтоо шарты менен аманаттын мөөнөтү 6 айдан кем эмес;
- турак жайдын наркынын 30 % өлчөмүндөгү акча каражатын топтоо эсебине эсеп ачылган учурда бир жолку салым катары киргизүү шарты менен аманаттын мөөнөтү 3 айдан кем эмес.








