Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк»: Дүйнө жүзү боюнча Visa жана MasterCard акысыз которуулар

23 октября 2023

«Элдик Банк»: Дүйнө жүзү боюнча Visa жана MasterCard акысыз которуулар

«Элдик Банк» RSK24 мобилдик банкингинде дүйнөнүн каалаган банктарынын Visa жана MasterCard карталарына дароо которуу кызматын сунуштайт.

Эми тиркеменин колдонуучулары дүйнө жүзү боюнча Visa жана MasterCard карта ээлерине онлайн шартында акча жөнөтө алышат. Булар Франция, Германия, Италия, Индия, Грузия, Түркия жана анын ичинде Кыргызстанды кошо алганда 100дөн ашык башка көптөгөн өлкөлөр.

Банк бул кызматтын ишке киришинин урматына акция жарыялайт, анын алкагында 2023-жылдын 23-октябрынан тартып 2024-жылдын 23-январына чейин бардык которуулар АКЫСЫЗ болот.

P2P Visa Direct жана Send кызматынын артыкчылыктары:

• Банк кеңселерине барбай эле, тез онлайн которуу;

Алуучунун картасынын номери боюнча которуу;

• Бир которуунун минималдуу суммасы: 100 сом;

• Максималдуу сумма: бир күндө 500 миң сом (күнүнө 4 которуу);

• Которуулар сом менен ачылган кайсы болбосун эсептерден жүргүзүлөт.*.

RSK24 мобилдик банкингде кантип которуу керек?

Башкы меню —> Төлөмдөр жана которуулар —> Төлөмдөр —> Башка банктардын карталарына которуулар —> Башка банктардын VISA/MC карталарына которуулар.

* Чет өлкө валюталарына конвертация Visa, MasterCard жана алуучу банктын курсу боюнча жүргүзүлөт.

Маанилүү учур. 2024-жылдын 24-январынан тартып которуулар үчүн төмөнкүдөй тариф күчүнө кирет: суммадан 1%, минималдуу 250 сом.

Visa картасы боюнча өлкөлөрдүн тизмеси бул жерде

MasterCard картасы боюнча өлкөлөрдүн тизмеси бул жерде