Элдик Банк ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты
"Элдик Банк" ААКнун Башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев башындагы делегациянын курамында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйынына катышты.
Жолугушууда Башкарманын төрагасы ШКУ Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) атынан сүйлөдү.
Жыйында "Элдик Банк" ААКнын төрагалыгы астында бирикменин ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары көрсөтүлүп, мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары белгиленди.
Негизги жыйынтыктардын катарында ШКУ БАБнын 2027-2031-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын, ошондой эле ESG, туруктуу жана социалдык-интеграцияланган каржылоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын жол картасы кабыл алынды. Бул документтер жакынкы жылдарга биргелешкен иштердин багыттарын аныктайт.
"Элдик Банк" ААКнун Башкармасынын төрагасы өз сөзүндө соода жана инвестициялык каржылоону кеңейтүүгө, төлөм инфраструктурасын жана санариптик каржы кызматтарын өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого өзгөчө көңүл бурду.
Башкарманын төрагасы ШКУ өлкөлөрүнүн банктарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө конкреттүү натыйжаларды – жаңы инвестициялык долбоорлорду, жеткиликтүү каржылык инструменттерди жана бизнес үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алып келиши керектигин белгиледи. Жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу ШКУ өлкөлөрүнүн экономикалык өз ара аракеттенүүсүнө жаңы дем берет.







