Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Кыргызстанда жашыл энергияны өнүктүрүүнү колдойт

20 октября 2026

Элдик Банк Кыргызстанда жашыл энергияны өнүктүрүүнү колдойт

Элдик Банк Кыргызстанда жашыл энергияны өнүктүрүүнү колдойт

Элдик Банк Нарын облусундагы Нарын районунун Мин-Булак айыл өкмөтүндө күн электр станция куруу долбооруна жалпы суммасы 665 миллион сомду түзгөн долбоорго "Жашыл бизнес насыясы" алкагында жарым-жартылай колдоо көрсөттү.

 28,5 гектар аянттагы электр станциясынын аймагына кубаттуулугу 20 МВт болгон 32 500 күн панел орнотулду. Долбоор аймактын күн энергиясын экологиялык таза энергия өндүрүү үчүн пайдаланууга жана органикалык отунду керектөөнү азайтууга мүмкүндүк берет.

Күн электр станциясы көмүртек бөлүп чыгарууну азайтат, калкка жана бизнести туруктуу энергия менен камсыз кылат, акысыз күн ресурсун пайдалануунун эсебинен электр энергиясына кеткен чыгымдарды азайтат, ошондой эле кийинки инновациялык энергетикалык долбоорлор үчүн пайдубал түптөгөн жогорку технологиялуу инфраструктураны өнүктүрөт.

Элдик Банк үчүн жашыл энергияны жана "жашыл өсүштү" колдоо - бул Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана келечегине инвестиция!