20 октября 2026
АгроТехЭкспо–2026

23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта фермерлерди, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана агрардык сектордун өкүлдөрүн бириктирген «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт.
Элдик Банк бул иш-чарага салттуу түрдө катышып, ишкерлерге жана фермерлерге жакын болууга, алардын демилгелерин колдоого жана ата мекендик айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошууга умтулат.
Кичинекей конокторубуз үчүн өзгөчө акция!
23-октябрда балдарды күзгү акциябызга катышууга чакырабыз:
- Күз темасындагы кол өнөрчүлүк буюмуңду алып кел;
- «Элдик Банктын» стендинин жанында сүрөткө түш;
- Белегиңди алыңыз!
«АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсүндө жана «Алтын күз» жарманкесинде сиздерди бүт үй-бүлөңүздөр менен күтөбүз!
Бишкек шаары, Т. Усубалиев атындагы аянт
2026-жылдын 23–25-октябры








