Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Биримдик кубогу»: бир команда болуп ойнойбуз!

19 октября 2026

«Биримдик кубогу»: бир команда болуп ойнойбуз!

«Биримдик кубогу»: бир команда болуп ойнойбуз!

17-октябрда «Биримдик кубогу» аттуу футбол турнири өтүп, ага Элдик Банктын, ЭлТехтин, Элдик Лизингдин жана Beeline компаниясынын командалары катышты.

Турнир спорттук мелдеш гана болбостон, кызматтан тышкары чөйрөдө жолугушууга, бири-бирин колдоого, командалык духту бекемдөөгө жана бир чоң экосистеманын бөлүгү экенин сезүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түздү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

🥇 1-орун — Элдик Банк
🥈 2-орун — Элдик Банк 2 (Нарын облусунун кызматкерлери)
🥉 3-орун — Beeline

Мындан тышкары, оюн талаасында өзгөчө айырмаланган оюнчулар да сыйланды:

  • Мыкты оюнчу — Туратов Амангелди

  • Мыкты коргоочу — Эсеналиев Санжар

  • Мыкты бомбардир — Бекболотов Адыл

  • Мыкты чабуулчу — Болушов Максатбек

  • Мыкты дарбазачы — Аманалиев Азиз

​​​​​​​

Жеңүүчүлөрдү жана бардык номинация ээлерин куттуктайбыз! Көрсөткөн мыкты оюну, спорттук деми жана жагымдуу атмосфера үчүн бардык командаларга ыраазычылык билдиребиз.

«Биримдик кубогу» дагы бир жолу баш кошууга, бири-бирибизди колдоого жана бир чоң команда катары убакыт өткөрүүгө сонун мүмкүнчүлүк болду!