Элдик Банк Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери үчүн экскурсия өткөрдү

«Элдик Банк» ААК Кыргыз-Россия Славян университетинин Менеджмент, башкаруу жана маркетинг факультетинин 3-курс студенттери үчүн тааныштыруу экскурсиясын уюштурду.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер банктын музейине барып, анын өнүгүү тарыхы менен таанышып, башкы кеңсенин иши тууралуу маалымат алышты.



Ошондой эле студенттер үчүн Элдик Банктын ишмердүүлүгү жана маркетинг багыты боюнча презентация өткөрүлдү. Анда банктын негизги иш багыттары, финансылык продуктыларды илгерилетүүнүн өзгөчөлүктөрү жана банк тармагындагы маркетингдин ролу тууралуу маалымат берилди.

Иш-чара Элдик Банк менен Кыргыз-Россия Славян университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында өткөрүлдү. Мындай кызматташтык билим берүү менен бизнес чөйрөсүнүн байланышын чыңдоого жана студенттерге келечектеги кесибинин практикалык жактары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.







