01 октября 2026
1-октябрь — Эл аралык улуу муундардын күнү

Камкордук — көңүл буруудан башталат.
1-октябрь — Эл аралык улуу муундардын күнү.
Бул күнгө карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулуп, ага концерттик программа жана тай-чи боюнча машыгуу камтылды.
«Элдик Банк» иш-чаранын башкы өнөктөшү катары катышуучуларга азык-түлүк себеттерин, керектүү буюмдарды жана белектерди тартуулады. Ошондой эле катышуучуларга Пенсиондук аманат боюнча кеңештер берилди.
«Элдик Банк» өзүнүн ESG стратегиясынын алкагында социалдык маанилүү демилгелерди колдоону улантат.
Анткени камкордук — бул сөз эмес, иш менен көрсөтүлгөн колдоо.












