«Элдик Банк» ААКтын исламдык терезеси INCEIF University өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууну өткөрдү
Бишкек шаарындагы «Элдик Банк» ААКтын Башкы офисинде Элдик Банктын өкүлдөрү менен Малайзиянын ислам финансысы тармагында адистерди даярдоочу адистештирилген университети - INCEIF University (International Centre for Education in Islamic Finance) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ислам финансысын өнүктүрүү, кесиптик тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана эксперттик демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Адистердин кесиптик дараметин жогорулатуу, исламдык каржылоо принциптерин окутуунун эл аралык тажрыйбаларын киргизүү жана ислам банкинги тармагындагы компетенцияларды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
«Элдик Банк» ААК Кыргызстандын калкы жана бизнеси үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында ислам каржылоосун өнүктүрүү, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү боюнча ишин улантууда.












