Элдик Банк менен «Прогресс Ком» Каракол шаарында заманбап турак жай инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн күч бириктирүүдө.

«Элдик Банк» Каракол шаарындагы «Ala-Too Park» турак жай комплексин ишке ашыруунун алкагында «Прогресс Ком» ЖЧКсы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Долбоор заманбап жашоо чөйрөсүн калыптандырууга багытталган жана аймакты комплекстүү көрктөндүрүүнү, жашоо үчүн ыңгайлуу мейкиндикти түзүүнү жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнү камтыйт.
Өнөктөштүктүн алкагында «Элдик Банк» кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн ипотекалык жана башка банктык продуктыларды кошо алганда, каржылоонун атайын шарттарын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.
Бул кызматташтык «Элдик Банктын» аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга жана жарандардын жеке турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошкон стратегиялык маанилүү долбоорлорду колдоо аракетин чагылдырат.










