Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк COP31 климаты боюнча эл аралык алдыңкы фонддорду жана өнүктүрүү институттарын бириктирди

16 ноября 2026

Элдик Банк COP31 климаты боюнча эл аралык алдыңкы фонддорду жана өнүктүрүү институттарын бириктирди

Элдик Банк COP31 климаты боюнча эл аралык алдыңкы фонддорду жана өнүктүрүү институттарын бириктирди

Кыргызстандын банк секторунун тарыхында биринчи жолу ата мекендик банк БУУнун Климаттык саммитинде (COP31) эл аралык аянтчаны уюштуруп, ага дүйнөнүн алдыңкы климаттык фонддорунун, өнүктүрүү банктарынын жана инвестициялык институттарынын өкүлдөрүн чогултту. 2026-жылдын 13-ноябрында Анталья шаарында өткөн COP31 саммитиндеги Кыргыз Республикасынын павильонунда «A Bridge to Climate Investment: The Role of Financial Institutions and International Partnerships» («Климаттык инвестициялар: күчтөрдү бириктирүү. Финансы институттарынын жана эл аралык кызматташтыктын ролу») аттуу эл аралык сессия болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Элдик Банк менен биргеликте уюштурулду. Аянтча Green Climate Fund, Adaptation Fund, ADB, Mitigation Action Facility, Incofin, Turkic Investment Fund, OPEC Fund for International Development жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн бириктирди. Катышуучулардын арасында климаттык каржылоонун жана туруктуу өнүгүүгө инвестиция салуунун багыттарын аныктаган эл аралык уюмдардын эксперттери жана жетекчилери болду. Сессиянын модератору болуп «Элдик Банк» ААКтын Башкармалыгынын мүчөсү Айджан Кариева чыкты.

Сессияда эл аралык климаттык инвестицияларды тартуу механизмдери, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, жашыл долбоорлорду өнүктүрүү жана мамлекеттик, каржылык жана эл аралык секторлордун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.

Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, аз көмүртектүү экономиканы өнүктүрүү, ошондой эле улуттук инфраструктуранын жана бизнестин туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорго ресурстарды тартууда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

COP31 алкагында Элдик Банк CASI (Capacity-building Alliance of Sustainable Investment) жана Green Accelerator демилгелери менен өз ара аракеттенүү боюнча меморандумдарга кол коюп, ошондой эле CPDAE (Community of Practice for Direct Access Entities) эл аралык коомчулугуна кошулуу менен эл аралык кызматташтыгын кеңейтти. Бул өнөктөштүктөр туруктуу жана климаттык каржылоо чөйрөсүндөгү компетенцияларды өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга, жашыл инвестицияларды илгерилетүүгө жана экологиялык долбоорлорду колдоого багытталган. COP31де мындай сессияны өткөрүү Кыргызстанды климаттык инвестициялар үчүн келечектүү багыт катары таанытууда жана алдыңкы эл аралык финансы институттары менен диалогду чыңдоодо маанилүү кадам болду.

Элдик Банк үчүн бул улуттук финансы секторунун потенциалын глобалдык аянтчада көрсөтүү гана эмес, ошондой эле жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө, эл аралык ресурстарды тартууга жана БУУнун 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө көмөктөшүүчү долбоорлорду каржылоону кеңейтүүгө жасалган практикалык кадам болуп саналат.