Беловодское айылында кардарларды тейлөө боюнча жаңы пункт ачылды!

«Элдик Банк» ААК тейлөө түйүнүн кеңейтүүнү жана калк үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну улантууда. Эми Беловодское филиалынын кардарларды тейлөө боюнча жаңы пункту иштеп баштады.
Анын ачылышы жергиликтүү тургундарга зарыл болгон банктык кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта алууга шарт түзөт.
Тейлөө түйүнүн кеңейтүү Элдик Банктын тейлөө сапатын жогорулатууга, аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калк үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган ырааттуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.
Дареги: Чуй облусу, Беловодское айылы, Фрунзе, 157/1 көч.
Иштөө тартиби:
Дүйшөмбү-Жума: 08:30-17:30
Кардарларды тейлөө: 08:30-16:30
Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00
Эс алуу күндөрү: ишемби - жекшемби










