Ислам өнүктүрүү банкы «Элдик Банк» ААКсына айыл чарбасын механизациялоону өнүктүрүү үчүн каржылоо линиясын берет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Элдик Банк» ААКсына субсидияланган каржылоону берүү жөнүндө тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын институтунун ортосундагы «Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөктөшүү үчүн каржылоо» долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен «Элдик Банк» ААКсынын ортосунда «Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөктөшүү үчүн каржылоо» (KGZ-1037) долбоору боюнча Агенттик макулдашууларга кол коюлду.
Жеңилдетилген каржылоону тартуу Элдик Банкка заманбап айыл чарба техникасын жана жабдууларын исламдык каржылоо принциптерине ылайык сатып алууга кызыкдар болгон айыл чарба ишканаларын жана фермердик чарбаларды колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Бул демилге агрардык секторду модернизациялоого, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Айыл чарбасын механизациялоону өнүктүрүү - агрардык тармактын туруктуу өсүшүнүн маанилүү шарттарынын бири. Заманбап айыл чарба техникасын жана жабдууларын жеткиликтүү шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгү Элдик Банктын кардарларына өндүрүштүк процесстерди оптималдаштырууга, убакыт жана эмгек чыгымдарын кыскартууга, ошондой эле айыл чарба жумуштарынын сапатын жана өз убагында аткарылышын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Элдик Банк менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтык каржы институттарынын экономиканын реалдуу секторун колдоо, ишкердикти өнүктүрүү жана өлкөнүн агрардык потенциалын чыңдоо максатында ресурстарын жана тажрыйбасын бириктирүүгө болгон умтулуусун чагылдырат.
Аталган каржылоо линиясы Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин жана жеке жактарын айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алуу үчүн каржылоого багытталган. Каржылоо «Элдик Банк» ААКсынын Ислам терезеси аркылуу ислам принциптерине ылайык Мурабаха жана Ижара мунтахийя биттамлик өнүмдөрү боюнча, жылдык кирешелүүлүгү 6% өлчөмүндө, 7 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
«Элдик Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Турдалиев Акылбек Беримкулович:
«Бул каржылоо линиясын тартуу - айыл чарба тармагын колдоо боюнча Элдик Банктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү маанилүү кадам. Биз фермердик чарбалар жана айыл чарба ишканалары заманбап технологияларга жана техникага жеткиликтүү шарттарда ээ болуп, өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, экономиканын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуусу үчүн шарттарды түзүүгө умтулабыз». Каржылоонун берилиши каржы институттарынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүдө жана айыл чарбасын модернизациялоого багытталган демилгелерди колдоодо дагы бир маанилүү кадам.











