Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Кызгылт октябрь» Элдик Банкта – ден соолукка кам көрүү өзүнө көңүл буруудан башталат!

01 января 1970

«Кызгылт октябрь» Элдик Банкта – ден соолукка кам көрүү өзүнө көңүл буруудан башталат!

«Кызгылт октябрь» Элдик Банкта – ден соолукка кам көрүү өзүнө көңүл буруудан башталат!

«Кызгылт октябрь» эл аралык кампаниясынын алкагында Элдик Банкта банк кызматкерлери үчүн эмчек рагы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга арналган лекция өттү.

И. Ахунбаев атындагы КММАнын Республикалык диагностикалык-дарылоо борборунун адистери алдын алуунун, эрте аныктоонун жана үзгүлтүксүз текшерүүлөрдүн маанилүүлүгүн айтып беришти. Алар дартты эрте аныктоо ийгиликтүү дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн канчалык маанилүү экендигин белгилешти.

Элдик Банк үчүн кызматкерлердин ден соолугуна жана бакубаттуулугуна кам көрүү – корпоративдик маданияттын маанилүү бөлүгү. Мындай демилгелер банктын гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү (WEPs) принциптерине берилгендигин көрсөтөт.