Элдик Банк студенттер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрдү

Дүйнөлүк сактык күнүнө карата, 26-октябрда башталган иш-чаранын алкагында, Элдик Банк Бишкек медициналык колледжинин студенттери үчүн тренинг уюштурду. Иш-чарада бюджетти пландаштыруу, акчаны туура пайдалануу жана коопсуздук маселелери талкууланды.
Элдик Академиясынын каржылык сабаттуулук боюнча тренери Дастан Кыдыров бюджетти кантип пландаштыруу жана башкаруу, ошондой эле сактыктын негизги принциптери тууралуу бөлүштү. Өз кезегинде, эл аралык IT укугу боюнча чакырылган эксперт Айгерим Айдарова санариптик платформаларда жеке маалыматтарды жана каржылык каражаттарды кантип коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу керектиги жөнүндө айтып берди.



Тренингдин соңунда катышуучулар Kahoot оюнунда билимин текшерип, эстелик байгелерге ээ болушту.

Мындай жолугушуулар жаштардын каржылык маселелерди жакшыраак түшүнүүсүнө, негиздүү чечимдерди кабыл алуусуна жана келечегин ишенимдүү пландаштыруусуна жардам берет. Элдик Банк калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, акчаны жоопкерчилик менен кароо маданиятын калыптандырууга көмөк көрсөтөт.








