Кыргызстанда алгачкы «Бизнес ESG -лидер» улуттук сынагынын жыйынтыгы чыгарылды
Бишкекте Кыргызстанда жоопкерчиликтүү ишкерликти колдоого жана туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтууга багытталган алгачкы «ESG бизнес-лидер» улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Сынак экологиялык жоопкерчилик, туруктуу өнүгүү, инновациялар жана социалдык ишкерлик багыттарында долбоорлорду ишке ашырып жаткан чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн бириктирди.
Сынактын уюштуруучулары — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, «Элдик Банк» ААК, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Mastercard.

Сынак комиссиясынын чечими менен жеңүүчүлөр үч номинация боюнча аныкталды:
-
«Айтмат» дыйкан-фермердик чарбасы — «Жылдын мыкты климаттык долбоору» номинациясында органикалык жер семирткич — биогумусту өндүрүү технологиясын иштеп чыкканы үчүн;
-
«Ereken Group» ЖЧКсы — «Туруктуу өнүгүүдөгү жылдын инновациясы» номинациясында №43 мектеп үчүн гибриддик жылытуу системасы долбоору үчүн;
-
«Таза-Ди-Кадамжай» ЖЧКсы — «Аялдардын ишкердигиндеги мыкты жашыл долбоор» номинациясында калдыктарды кайра иштетүү долбоору үчүн.
Кошумча сертификаттар жана сыйлыктар «Адал Азык» ЖЧКсына (ТМ «Тойбосс») тамак-аш өндүрүшүндө жылуулукту кайра пайдалануу системасы үчүн, «Кыргызпромтехнология» ЖЧКсына Water Watch AI долбоору үчүн жана Анара Кудайбергеновага Kazarman Monte долбоору үчүн тапшырылды.
«Климаттык саясат экономикалык саясатка айланып жатат. Бул бизнес үчүн жаңы талаптарды гана эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да билдирет — энергияны натыйжалуу пайдалануу аркылуу чыгымдарды азайтуу, жаңы технологияларды өздөштүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана экологиялык жана социалдык стандарттар бизнес жүргүзүүнүн шарттарынын бир бөлүгүнө айланган рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү. Ошондуктан ESG принциптерин өнүктүрүүнү Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугуна жана келечегине салым катары кароо маанилүү», — деди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев.
«Бүгүнкү күндө ESG — өлкөнүн климаттык ири максаттарын бизнестин күнүмдүк чечимдеринин тилине которуунун жолу. Ишкана энергияны жана ресурстарды үнөмдөп, калдыктарды азайтып, жаңы технологияларды киргизип же туруктуу жумуш орундарын түзгөндө, ал өзүнүн туруктуулугун гана жогорулатпастан, өлкөнүн климаттык максаттарына жетүүсүнө да салым кошот», — деди ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
««Элдик Банк» ААКсы Кыргыз Республикасында банк секторунда туруктуу өнүгүү принциптерин ырааттуу илгерилетүү менен «ESG бизнес-лидер» улуттук сынагынын демилгечилеринин бири болду. Банк үчүн жоопкерчиликтүү ишкерликти калыптандырууга көмөктөшүү жана экологиялык жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду колдоо маанилүү. Сынак мыкты ESG тажрыйбаларын аныктоо жана жайылтуу үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү улуттук аянтчага айланып, Кыргызстандын туруктуу экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз», — деп белгиледи «Элдик Банк» ААКсынын Башкармалыгынын мүчөсү Айджан Кариева.
Иш-чаранын алкагында ESG жана жашыл каржылоо, ошондой эле инновациялар, санариптик чечимдер жана аялдардын ишкердиги боюнча эки дискуссия өттү. Катышуучулар каржы секторунун ролун, бизнеске коюлган жаңы талаптарды жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууда жасалма интеллект менен санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Уюштуруучулар «ESG бизнес-лидер» сынагы бизнеске экономикалык натыйжа алып келген жана өлкөнүн экологиялык жана социалдык маселелерин чечүүгө көмөктөшкөн практикалык чечимдерди аныктоо жана жайылтуу үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү аянтчага айланат деп күтүшүүдө.






