Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Индияда ШКУнун Банк аралык бирикмесинин эл аралык симпозиумуна катышты

12 октября 2026

Элдик Банк Индияда ШКУнун Банк аралык бирикмесинин эл аралык симпозиумуна катышты

Элдик Банк Индияда ШКУнун Банк аралык бирикмесинин эл аралык симпозиумуна катышты

2026-жылдын 8–10-октябрында Индиянын Мумбай шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Банк аралык бирикмесинин алкагында Борбордук Азиядагы инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо боюнча эл аралык симпозиум болуп өттү. Иш-чараны Индиянын мамлекеттик каржы институту — India Infrastructure Finance Company Limited (IIFCL) уюштурду.

Симпозиум жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп, ага алдыңкы каржы институттарынын, өнүктүрүү банктарынын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде Индиянын Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн инвестициялык жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Симпозиумду Индиянын Бихар штатынын губернатору, отставкадагы генерал-лейтенант Сайед Ата Хаснайн (Syed Ata Hasnain) ачты. Пленардык жыйынга Индиянын Тышкы иштер министрлигинин, ШКУнун Катчылыгынын жана IIFCL жетекчилигинин өкүлдөрү да катышып, иш-чаранын аймактык экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин белгилешти.

Негизги талкуулар беш артыкчылыктуу багытка арналды: транспорттук инфраструктура жана аймактык өз ара байланыштуулук, жашыл энергетикага өтүү, саламаттык сактоо инфраструктурасы, айыл чарба жана азык-түлүк инфраструктурасы, ошондой эле туризмди өнүктүрүү.

«Элдик Банк» ААК жашыл энергетикага өтүү (Green Energy Transition) жаатындагы тажрыйбасын жана ыкмаларын сунуштады. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердеги кредиттик жөндөмдүүлүктү баалоо механизмдери жана ШКУнун аймактык кредиттик рейтингдер механизмин түзүү келечеги боюнча талкууга катышты.

Мындан тышкары, Элдик Банктын өкүлдөрү аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, өнөр жай кооперациясына жана трансчек аралык инвестициялык өнөктөштүккө арналган ШКУнун Азия экономикалык диалогуна катышты.

Симпозиумдун негизги максаты Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, каржы институттарынын, мамлекеттик жана жеке секторлордун түз өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, ошондой эле потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоодон конкреттүү биргелешкен демилгелерге жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өтүү болду.

Иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар да өткөрүлдү. Алардын катарында IIFCL менен Элдик Банктын жолугушуусу болуп, анда өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жана мындан аркы практикалык кызматташуунун келечегин аныктоо маселелери талкууланды.