Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк — Бишкек инвестициялык форумунун – BIF 2026 башкы өнөктөшү

26 ноября 2026

Элдик Банк — Бишкек инвестициялык форумунун – BIF 2026 башкы өнөктөшү

Элдик Банк — Бишкек инвестициялык форумунун – BIF 2026 башкы өнөктөшү

Элдик Банк — Бишкек инвестициялык форумунун – BIF 2026 башкы өнөктөшү Элдик Банк 25-ноябрда өткөн, бизнес, финансы секторунун өкүлдөрүн жана эл аралык инвесторлорду бириктирген Бишкек инвестициялык форумунун – BIF 2026 башкы өнөктөшү болду. Форумдун алкагында Элдик Банктын Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Ногаев «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан: жаңы темир жол — бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» сессиясына катышты.

Уланбек Ногаев бүгүнкү күндө Кыргызстан экономика жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканын айтып, бул процесстерге Элдик Банктын катышуусун жана эл аралык капиталды тартууга жана финансылык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүүсүн белгиледи. Башкармалыктын Төрагасы Элдик Банк трансчегаралык эсептешүүлөрдү, анын ичинде кытайлык CIPS төлөм системасы аркылуу өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканын жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун эсептешүү өнөктөштөрүнүн бири болууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, 2026-жылы Элдик Банк 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндө еврооблигацияларды ийгиликтүү чыгарып, эл аралык инвесторлордун Кыргызстандын финансы секторуна болгон кызыгуусун тастыктаганы белгиленди.

Мындан тышкары, BIF-2026 алкагында Элдик Банктын Башкаруучу директору Дияс Жалишев кредит берүү, ишкердикти каржылоо жана капиталды тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналган «Кредит же үлүш: бизнестин өсүшүн кантип каржылоо керек?» бизнес-сессиясында сөз сүйлөдү. Форумдун аянтчасында Элдик Банк өзүнүн стендин көрсөтүп, катышуучуларды финансылык продуктылар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Мындай демилгелерге катышуу эл аралык финансылык өнөктөштүктү бекемдейт жана экономика үчүн стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.