«Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» жаңы кредиттик продукту

«Элдик Банк» «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» жаңы кредиттик продуктунун алкагында жеңилдетилген насыяларды сунуштайт.
Негизги шарттары:
🔹Пайыздык чен: жылдык 6% (натыйжалуу пайыздык чен — 6,16%).
🔹Кредиттөөнүн максаты: сүт жана багбанчылык кластерлерин өнүктүрүү, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн колдоо.
🔹Каржылоо аймактары: Чүй, Нарын жана Жалал-Абад облустары.
Кимдер кредит ала алат?
- Сүт кластеринде иш алып барган мал чарба субъекттери;
- Багбанчылык тармагында иштеген өсүмдүк өстүрүүчү чарбалар;
- Айыл чарба ишканалары жана жеке ишкерлер.
Кредиттин суммасы жана мөөнөтү:
🔹1000 000 сомго чейин — сүт жана багбанчылык кластерлеринин катышуучулары үчүн;
🔹10 000 000 сомго чейин — айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген ишканалар жана жеке ишкерлер, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүк чарбалары үчүн.
Кредит алуунун шарттары тууралуу толук маалыматты «Элдик Банктын» бөлүмдөрүнөн алууга болот.
📞9111







