Элдик Банк жана «Юник Групп» ЖЧК кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту

«Элдик Банк» ААК жана «Юник Групп» ЖЧК кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюп, туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө жана экологиялык жактан таза транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жашыл автокредиттөө боюнча биргелешкен программаны ишке киргизишти.
Программанын алкагында кардарлар Элдик Банк аркылуу BYD үлгүсүндөгү электромобилдерди кредитке сатып ала алышат. «Юник Групп» ЖЧК автоунааларды импорттоо жана экспорттоо боюнча адистешкен жана Кытай Эл Республикасынан электромобилдерди түз жеткирүүнү жүзөгө ашырат.
Кредиттөөнүн негизги шарттары:
- пайыздык чен – жылдык 13% (натыйжалуу пайыздык чен – 13,79%);
- кредиттин мөөнөтү – 60 айга чейин;
- баштапкы төлөм – автоунаанын наркынын 30%ынан баштап;
- күрөө камсыздоосу – сатып алынуучу автоунаа.
Жаңы программа заманбап электромобилдерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана Кыргызстанда экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.









