Элдик Банктын Ислам терезеси жана V Energy компаниясы меморандумуна кол коюшту

Элдик Банктын Ислам терезеси жана V Energy компаниясы калк менен бизнестин кайра жаралуучу энергия тармагындагы заманбап чечимдерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган кызматташтык меморандумуна кол коюшту.
Жетишилген макулдашуулардын алкагында тараптар күн батареяларын жана аларга тиешелүү жабдууларды жеткирүү, сатуу жана тейлөө боюнча долбоорлорду ислам каржылоо инструменттери болгон «Мурабаха» жана «Ижара» продукттары аркылуу бөлүп төлөө шартында биргелешип ишке ашырышат. Мындай каржылоо механизми кардарларга экологиялык жактан таза энергия булактарын ачык-айкын жана шарият принциптерине ылайык келген шарттарда сатып алууга мүмкүндүк берет.
Бул кызматташтык Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, энергияны натыйжалуу пайдаланууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу маданиятын жайылтууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу туруктуу өнүгүүнүн экологиялык, социалдык жана башкаруу принциптерин бириктирген ESG күн тартибин илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болот.
Элдик Банкта белгилешкендей, туруктуу каржылоону өнүктүрүү банктын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат. Буга чейин банк Борбор Азиядагы эл аралык ESG-рейтингге ээ болгон алгачкы каржы институттарынын бири болуп, бул анын туруктуу өнүгүү жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерине берилгендигин тастыктаган.
V Energy компаниясы менен меморандумга кол коюу Кыргызстандын калкы жана ишкерлери үчүн жеткиликтүү жана экологиялык жоопкерчиликтүү чечимдерди түзүү максатында исламдык каржылоонун мүмкүнчүлүктөрүн заманбап энергетикалык технологиялар менен айкалыштырууга шарт түзөт.
Тараптар бул өнөктөштүк күн энергиясын пайдалануучулардын санын көбөйтүүгө, айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтууга жана туруктуу өнүгүү жаатындагы улуттук максаттарга жетүүгө салым кошоруна ишеним билдиришти.










