Элдик Банк каржылык жарманкеге катышты

Элдик Банк Акча боюнча глобалдык жума – 2026га арналган финансылык жарманкеге катышты. Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде өтүп, Кыргызстандын бардык банктарын бириктирди.
Банктын кызматкерлери Элдик Банк өлкөдөгү 100 жылдык топтоо маданиятын улантып келе жатканын айтып беришти, ошондой эле продукттар, айрыкча депозиттер боюнча консультация өткөрүштү. Ошондой эле адистер студенттер үчүн «Мен кыялым үчүн топтойм» акциясын тааныштырышты: 10 жеңүүчү чыгармачылык, илим, экология же социалдык багыттагы идеяларын ишке ашыруу үчүн 100 000 сомдон алышат.
Жарманкенин коноктору топтоо мүмкүнчүлүктөрү жана пайдалуу депозит шарттары тууралуу кеңири маалымат алышып, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган интерактивдүү оюндарга катышышты.
Иш-чарага 400дөн ашык адам катышып, каржы жана топтоо маданияты тууралуу жеткиликтүү жана кызыктуу форматта сүйлөшүү үчүн мыкты аянтча болду.













