Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» FinConference – 2026 конференциясына катышты

09 ноября 2026

«Элдик Банк» FinConference – 2026 конференциясына катышты

«Элдик Банк» FinConference – 2026 конференциясына катышты

Жума күнү FinConference – 2026 каржы конференциясы болуп өттү. Иш-чарага банк секторунун, финансылык уюмдардын өкүлдөрү жана тармактык эксперттер катышып, каржы тармагындагы актуалдуу тенденциялар менен чакырыктарды талкуулашты.

«Киберкоопсуздук жана кадрдык экспертиза: санариптик инфраструктураны коргоо» аттуу панелдик сессиянын алкагында «Элдик Банк» ААКнын башкаруучу директору Жоомарт Таалайбек уулу баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө банктын маалыматтык коопсуздукту камсыздоо багытындагы тажрыйбасы, маалыматты коргоонун эл аралык стандарттарын киргизүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана киберкоопсуздук жаатындагы адистердин кесиптик тажрыйбасынын маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Кыргызстанда ISO/IEC 27001:2022 эл аралык стандарты боюнча сертификат алган алгачкы банк катары «Элдик Банктын» тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду.