Элдик Банк - SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 көргөзмөсүнүн өнөктөшү

2026-жылдын 25-26-июнунда Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагында SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 эл аралык көргөзмөсү өтүүдө.
«Элдик Банк» ААК бизнес коомчулугунун, финансылык сектордун, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирген бул иш-чаранын өнөктөшү болду.
Көргөзмөнүн алкагында Банк бизнес үчүн финансылык чечимдердин кеңири спектрин сунуштады. Алардын катарына кредиттик продуктылар, факторинг, контракттык каржылоо, исламдык каржылоо, ошондой эле лизингдик инструменттер кирет.
Форумдун ишкердик программасына Банктын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Панелдик сессиянын алкагында «Элдик Банк» ААКнын өкүлдөрү «Мамлекеттик банктардын трансчек аралык сооданын жана электрондук коммерциянын стратегиялык долбоорлорун өнүктүрүүдөгү катышуусу» темасында презентация жасашты.
SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 көргөзмөсүнө катышуу Элдик Банктын ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын жана жалпы аймактын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга болгон умтулуусун тастыктайт.
















