Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогунда аккредитациядан өтүү тажрыйбасын жана климаттык инвестицияларды тартуудагы банк секторунун ролун тааныштырды

13 октября 2026

«Элдик Банк» Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогунда аккредитациядан өтүү тажрыйбасын жана климаттык инвестицияларды тартуудагы банк секторунун ролун тааныштырды

«Элдик Банк» Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогунда аккредитациядан өтүү тажрыйбасын жана климаттык инвестицияларды тартуудагы банк секторунун ролун тааныштырды

2026-жылдын 6–8-октябрында Тбилиси шаарында Жашыл климаттык фонд (ЖКФ) Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн Аймактык диалог өткөрдү. Иш-чарага ЖКФнын, эл аралык уюмдардын, финансылык институттардын жана улуттук уюмдардын өкүлдөрү катышып, климаттык каржылоого жеткиликтүүлүк маселелерин талкуулашты.

«Элдик Банк» диалогго ЖКФнын ресурстарына түз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ аккредитацияланган уюм катары катышты. Бул макам Банкка долбоорлорду Фонддун кароосуна түздөн-түз сунуштоого жана Кыргыз Республикасында жашыл жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген каржылоону тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Банктын Башкармалыгынын мүчөсү Айджан Кариева аккредитациядан өтүү, концепциялык документти даярдоо жана каржылоого өтүнмө боюнча иш алып баруу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө климаттык инвестицияларды тартуудагы банктардын ролун жана эл аралык финансылык ресурстарды бизнес жана калк үчүн конкреттүү чечимдерге айландыруунун маанисин белгиледи.

ЖКФ менен кызматташуу «Элдик Банкка» ишкерлердин жана үй чарбаларынын энергияны үнөмдөөчү технологияларды, таза жылытуу системаларын жана электр транспортун киргизүү үчүн каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Узак мөөнөттүү жеңилдетилген каражаттар мындай инвестицияларды жеткиликтүүрөөк кылып, өлкөнүн туруктуу экономикага өтүүсүнө көмөк көрсөтө алат.

Диалогдун алкагында «Элдик Банк» эл аралык өнөктөштөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн кызматташуунун келечегин жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.