Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк жеңилдетилген автокредиттөө программасы боюнча пресс-конференцияга катышты

18 марта 2026

Элдик Банк жеңилдетилген автокредиттөө программасы боюнча пресс-конференцияга катышты

Банк Tulpar Motors унааларын сатып алуу үчүн жылдык 8% жана 4% менен мамлекеттик жеңилдетилген автокредиттөө программасынын үчүнчү этабын ишке киргизүүдө. 4% өлчөмүндөгү атайын ставка мамлекеттик кызматкерлер үчүн каралган. Ошондой эле кредиттөө мөөнөттөрү узартылып, эми автокредитти 3 же 5 жылга чейин алуу мүмкүн.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө «Элдик Банк» ААКнын Кредиттик департаментинин региондук кредиттөөнү координациялоо башкармалыгынын башкы регионалдык менеджери Жунушбеков Өмүрбек банк кардарлары автокредитти баштапкы төлөмсүз эле ала алышарын белгиледи. Өтүнмөнү кароо мөөнөтү 3төн 5 жумуш күнүнө чейин түзөт. Ошондой эле ислам принциптерине ылайык каржылоонун альтернативасы — Мурабаха жеткиликтүү.

Элдик Банк калкка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган мамлекеттик демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышууну улантууда.