«QR менен Вьетнамды ач» акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи

«QR менен Вьетнамды ач» акциясы жыйынтыкталды. Акция «Элдик Банк» ААК тарабынан «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК менен биргеликте өткөрүлдү Акциянын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ильгиз Садыралиев жана «Банктар аралык процессинг борборунун» Маркетинг бөлүмүнүн башчысы Мээрим Маданбекова катышты.
Акциянын башкы байгеси - Вьетнамга эки кишилик жолдомо Eldik мобилдик тиркемеси аркылуу QR-код менен эң көп төлөм жүргүзгөн катышуучуга тапшырылды. Ошондой эле Чүй, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынан акциянын катышуучуларына шыктандыруучу сыйлык катары телевизорлор тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана акциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдиребиз!
Эске салсак, акция 2025-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин Eldik мобилдик тиркемесине кошулган «Элкарт» карталарынын ээлери үчүн өткөрүлгөн. Катышуу үчүн Eldik тиркемеси аркылуу QR-код менен төлөм жүргүзүү талап кылынган.









