Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банктын Ислам терезеси ЧОБ үчүн «Мурабаха жеңилдетилген каржылоо» программасын баштады

11 марта 2026

Элдик Банктын Ислам терезеси ЧОБ үчүн «Мурабаха жеңилдетилген каржылоо» программасын баштады

«Мурабаха Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген шартта каржылоо» Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген чендер менен каржылоого багытталган. Бул программа бизнес үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга жана Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Каржылоого төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар кайрыла алышат:

  • тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү (тамеки продукциясынан тышкары);
  • жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү жана кайра иштетүү; полиграфиялык ишмердүүлүк;
  • химиялык продукцияны өндүрүү жана кайра иштетүү;
  • фармацевтикалык продукцияны өндүрүү;
  • резина жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү;
  • даяр металл буюмдарын өндүрүү;
  • компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү;
  • электр жабдууларын өндүрүү;
  • курулуш материалдарын өндүрүү жана кайра иштетүү;
  • башка өндүрүш түрлөрү, ошондой эле машиналарды жана жабдууларды оңдоо жана орнотуу;
  • туризм жана ага байланышкан кызматтар (гостевой үйлөр, этно- жана экотуризм, транспорттук жана гид кызматтары);
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк;
  • билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки жана мектеп мекемелери;
  • кол өнөрчүлүк;
  • стартап-долбоорлор;
  • саламаттык сактоо жана калкты социалдык тейлөө;
  • экспортко багытталган ишмердүүлүк;
  • IT-сектор жана инновациялар (санарип кызматтар, финтех);
  • жаңы технологиялык линияларды, өндүрүш жабдууларын, өнөр жай техникасын, өндүрүштүк багыттагы транспорт каражаттарын, анын ичинде жүктөө-түшүрүү техникасын, таңгактоо жана фасовкалоо жабдууларын сатып алуу;
  • кыймылсыз мүлктү (өндүрүштүк имараттарды, жайларды жана курулуштарды) сатып алуу — учурда иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүү, модернизациялоо же кубаттуулугун көбөйтүү максатында гана. Жаңы долбоорлор үчүн, иш жүзүндө иш жүргүзбөгөн субъекттерге же жер тилкелерин сатып алууга каржылоо каралбайт.

Чакан жана орто ишкердик субъекттери төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында белгиленген тартипте катталган болушу;

– Кыргыз Республикасынын резиденти макамына ээ болушу;
– ушул паспортто аныкталган артыкчылыктуу багыттар боюнча иш жүргүзүшү.

Эскертүү: кардарлардын башка иштеп жаткан кредиттерин/каржылоолорун кайра каржылоого тыюу салынат.