Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик банктын ислам терезесинен "Айыл чарбасын каржылоо-14"

11 марта 2026

Элдик банктын ислам терезесинен "Айыл чарбасын каржылоо-14"

Мурабаха ФСХ-14 төмөнкү категориялар боюнча, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана сууну үнөмдөөчү сугат технологиялары (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу), ошондой эле тамчылатып сугаруу үчүн суу резервуарларын куруу жана тосмолорду орнотуу менен алектенген юридикалык жана жеке жактарга арналган:

Мал чарбачылыгы

  1. ири мүйүздүү малды көбөйтүү;
  2. кой, эчки, жылкы, коён багуу;
  3. канаттууларды өстүрүү (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттуулары).

Каржылоонун максаттары мал чарбасын түзүү, өнүктүрүү, кеңейтүү жана жүргүзүү менен байланыштуу болушу керек, анын ичинде мал кармоо шарттарын жакшыртуу да кирет.

Бул категориядагы чарба субъектилери айыл чарба жаныбарларын кармоо жана көбөйтүү үчүн бардык зарыл шарттарга ээ болушу керек, анын ичинде кышкы мезгилде тоют сактоо үчүн шарттар болушу зарыл.

Өсүмдүк өстүрүү

  1. дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
  2. буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;
  3. техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
  4. жашылча-бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
  5. мөмө-жемиш жана жидектерди өстүрүү;
  6. пахта өстүрүү;
  7. питомниктерде мөмө-жемиш жана жидек көчөттөрүн өстүрүү;
  8. тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;
  9. сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу).

Каржылоонун максаттары өсүмдүк өстүрүү тармагын түзүү, өнүктүрүү, кеңейтүү жана жүргүзүү менен байланыштуу болушу керек, анын ичинде техникалык базаны жакшыртуу да камтылат.

Өсүмдүк өстүрүү менен алектенген чарба субъектилери бул долбоордун алкагында каржылоо алуу үчүн милдеттүү түрдө өзүнө таандык же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жер участогуна ээ болушу жана анын бар экендигин тастыктаган документтерди (мамлекеттик акт, күбөлүк, убактылуу күбөлүк, ижара келишими, сатып алуу-сатуу келишими жана башка) көрсөтүшү керек.

Сугат жана сууну үнөмдөө

Сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу) киргизүү менен алектенген чарба субъектилери аталган жабдууларды сатып алуу боюнча документтерди берүүгө тийиш.

Төмөнкү долбоорлордун алкагында жеңилдетилген каржылоону алган кардарларга каржылоо жүргүзүлбөйт:

  • «Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү»

«Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү».