Элдик Банк Кыргызстандын аймактарында исламдык банк ишин өнүктүрүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өлкөнүн аймактарында исламдык банкингди ырааттуу өнүктүрүү максатында өткөн жумада Баткен жана Ош облустарында «Элдик Банк» ААКнын Ислам терезесинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) өкүлдөрүнүн жолугушуулары болуп өттү.
Иш-чараларга Шариат кеңешинин мүчөсү Абибилла ажы Кадырбердиев, Ислам терезесинин жетекчиси Эстер Аймукамбетов, «Элдик Банк» ААКнын Баткен филиалынын директору Арстанбек Анарбаев, ошондой эле Баткен облусундагы муфтийдин өкүлү Мураталы ажы Мамадияр уулу, Ош облусундагы муфтийдин өкүлү Султаналы ажы Гапуров, Ош шаарындагы муфтийдин өкүлү Самидин кары Атабаев, КМДБнын облустук жана Ош шаардык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, райондордун, облустардын жана Ош шаарынын имам-хатибдери катышышты.
Жолугушуулардын негизги максаты – шариаттын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык исламдык каржылоонун принциптери менен инструменттерин талкуулоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууда диний лидерлердин ролуна, жарандарды Шариатка ылайык каржылык продуктылар тууралуу маалымдоо маселелерине, ошондой эле Банк менен КМДБнын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыктын механизмдерин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар ошондой эле өз ара тажрыйба алмашып, калк арасында агартуу иштерин жүргүзүү боюнча биргелешкен ыкмаларды талкуулашты.











