Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Visa жана Mastercard карталарынын коопсуздугун күчөтөт

16 июля 2026

Элдик Банк Visa жана Mastercard карталарынын коопсуздугун күчөтөт

Элдик Банк Visa жана Mastercard карталарынын коопсуздугун күчөтөт

2026-жылдын 13-июлунан тартып чыгарылган эл аралык Visa жана Mastercard төлөм системаларынын карталарынын арткы бетине CVV-коду басылбайт.

CVV (Card Verification Value) - интернет аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө операцияны ырастоо үчүн колдонулган үч орундуу коопсуздук коду.

Пластик картанын бетинде CVV-коддун жок болушу картанын корголуу деңгээлин жогорулатат: үчүнчү жактар кодду көрө же көчүрүп ала алышпайт. Эми картанын реквизиттери, анын ичинде актуалдуу CVV-коду, Элдик Банктын мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинетте гана жеткиликтүү болот. Бул онлайн төлөмдөрдү мурдагыдан да коопсуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Visa Business корпоративдик карталарында CVV-коду мурдагыдай эле картанын арткы бетине басылып чыгарыла берет.

Элдик Банк кардарларынын каражаттарын жана жеке маалыматтарын коргоо үчүн заманбап коопсуздук чечимдерин киргизүүнү улантат.