Элдик Банктан үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен кредит

«Элдик Банктан» 3% менен жеңилдетилген насыя — «Үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү»!
Долбоор Кыргыз Республикасынын агрардык секторун колдоого багытталган.
Кимдер насыя ала алат:
- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өстүрүү менен алектенген расмий макамы бар үрөнчүлүк чарбалары;
- Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын өстүрүп, сатуу менен алектенген питомник чарбалары.
Насыянын максаттары:
Үрөнчүлүк чарбалар үчүн:
- чет өлкөлүк селекциядагы үрөндөрдү сатып алуу;
- жогорку репродукциядагы үрөндөрдү өстүрүү жана сатуу;
- үрөндөрдү тазалоо жана дарылоо үчүн жабдууларды сатып алуу.
Питомник чарбалары үчүн:
- чет өлкөлүк селекциядагы көчөт материалдарын сатып алуу;
- көп жылдык өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн өстүрүү жана сатуу;
- көчөттөрдү отургузуу жана иштетүү үчүн жабдууларды сатып алуу.
Насыянын шарттары:
Пайыздык чен: 3% (ЭПС 3,06%)
Мөөнөтү: 36 айга чейин
Жеңилдетилген мезгил: 12 айга чейин
Суммасы:
- 300 000 сомго чейин — күрөөсүз
- 10 000 000 сомго чейин — күрөө менен
Айыл чарбасын бирге өнүктүрөлү! Толук маалыматты Элдик Банктын жакынкы филиалынан алыңыз.









