26 октября 2026
«Элдик Банктын» Ислам терезеси «АгроТехЭкспо 2026» көргөзмөсүндө
«Элдик Банктын» Ислам терезеси «АгроТехЭкспо 2026» жыл сайын өтүүчү көргөзмөсүнө катышууда!
Биз айыл чарба тармагынын адистерин, инновациялык чечимдерди жана бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бириктирген «АгроТехЭкспо 2026» көргөзмөсүнүн катышуучусу болууга кубанычтабыз.
Биздин команда ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык продукттар тууралуу маалымат берүүгө, суроолоруңузга жооп берүүгө жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого даяр.
Айыл чарба бизнесин биргеликте өнүктүрүп, демилгелерди колдоп, айыл чарбасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз!











